15.05.2019 13:13

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев суракка чакырылды

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев  суракка чакырылды

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев бүгүн, 15-майда Аскер прокуратурасына сурак берүүгө чакырылды. Чакыруу кагазынын сүрөтүн социалдык тармакка Кундуз Жолдубаева жарыялады. 

Анда Мусакеев бүгүн саат 15:00гө Аскер прокуратурасына күбө катары келиши керектиги жазылат. Кайсы иш боюнча экени азырынча белгисиз. 

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге УКМК «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле,  «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга»  айыптаган.